Индира Жолдубаева: "Депутаттардын "сойкуканаларга тийиштиги бар" деп айыпталышынан эч кандай саясат көргөн жокмун"

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева Башкы прокуратуранын 2014-жылы аткарган иши боюнча маалымат берди.

Талкууда депутат Ширин Айтматова "сойкуканаларга тийиштиги бар" деп парламенттин айрым депутаттарынын айыпталгандыгын эскертти. "Айыпталгандардын арасында КСДП фракциясындагы улуттук азчылыктын өкүлү жана бир айым депутат бар. Жакында жергиликтүү басылмалардан КСДПнын жогорку кызматтагы мүчөсү өзүнө пайдалуу шарттар менен арак-ликёр заводун сатып алгандыгын окудум. Башкы прокуратура бул маселе боюнча кандай иш аткарды, кандай баа берди?"- деп сурады депутат.

Жолдубаева буларды айтты: "Сиз айткан айрым депутаттарга байланыштуу фактылар боюнча эч кандай саясий себептер жок. Бул укук коргоо түзүмдөрүнүн аткарган ишинин жыйынтыгы. Ал эми арак-ликёр заводун сатып алуу боюнча 2 жыл мурун прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы тууралуу сизге кат жүзүндө жөнөтөм. Бул тууралуу так маалымат бере албайм".

Жолдубаева Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүндө саясий кызыкчылыктар жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан