Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов 30-мартта аталган өлкөнүн маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин башкы катчысы Али Хусейн аль-Юха менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматы 31-мартта билдиргендей, жолугушууда кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү маселеси талкууланды.
"Кувейтте Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүү, тармакта укуктук-келишимдик базаны түзүү жана башка маселелер талкууланды",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.