Бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Башкы прокуратуранын 2014-жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берип жатканда депутаттардын ортосунда пикир келишпестик орун алды.
Айрым депутаттар Башкы прокуратуранын ишине баа берүү керек эместигин, комитеттин берген баасы Жогорку Кеңештин берчү баасы менен дал келбей калышы мүмкүн экенин айтышты. Буга депутат Ширин Айтматова каршы чыгып, комитет сөзсүз баасын бериши керектигин билдирди.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү баа берүү чечимине келишти. Добуш берүүдө Башкы прокуратуранын 2014-жылы аткарган иши "жетишерлик эмес" деп бааланды.