“Европада жүргөн расмий иш сапарлардагы бардык жолугушууларда эки мыйзам долбоору боюнча суроолорду берип жатышты. Алар “Салттуу эмес сексуалдык азчылыктын мамилесин пропаганда кылууга тыюу салуу тууралуу” жана “Чет жердик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорлору болуп саналат. Президентке ушундай суроолор берилип жатты, анын ичинде мен ушундай мыйзам долбоорлорду демилгелеп чыгып жаткандай айтылууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга жана аны парламентке сунуш кылууга укугу жок. Ал эми Жогорку Кеңеш ар түрдүү мыйзам долбоорлорун талкууга алып, кийин кабыл алат. А менин бир гана укугум бар, айрым мыйзам долбоорлоруна вето коё алам. Жыл сайын парламент кабыл алган мыйзам долбоорлорунун 15 пайызына кол койбойм. Мисалы, былтыр аткаминер кыргыз тилин билбесе, анда аны айып пулга жыгуу керек деген мыйзам долбооруна вето койгом.
Биздин Жогорку Кеңеш өнүгүүсүнүн өспүрүмдүк курагын башынан өткөрүп жаткандыр, мага ушундайы жагат. Парламент жогору жактан түшкөн документти эмес, каалаган мыйзам долбоорун көтөрүп чыгат жана кабыл алат. Бизде реалдуу демократиялык парламент иштейт”,- деди.
Алмазбек Атамбаевдин айтымында, сөз болгон мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жеткенде сөзсүз карап чыгат. Президент мындай жоопту кечээ, 30-март күнү Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында эксперттик жана журналисттик коомчулуктун, ошондой эле Бельгия падышачылыгында кызмат өтөп жаткан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү тарабынан берилген суроолорго узатты.
Лекциянын аягында кыргыз жериндеги Апрель окуясын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган фотокөргөзмө уюштурулду. Анда Вячеслав Оселедко, Игорь Коваленко, Нина Горшкова жана Султан Досалиев тарткан сүрөттөр илинди. Ошондой эле иш-чара белгилүү музыкант, көптөгөн элдик аспаптарда ойногон Курмангазы Азыкбаев менен анын кызы, ырчы жана скрипкачы Нурайым Азыкбаеванын чыгармаларды аткаруусу менен коштолду.