Бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Ширин Айтматова "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси жүргүзгөн рейддерге нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик күч түзүмдөрү аталган уюмга мыйзамсыз текшерүүлөрдү өткөрүүгө уруксат берип, алсыздыгын көрсөтүүдө.
"Эгер "Кыргыз чоролору" өз ишмердүүлүгүн уланта берсе, улуттар аралык жаңжалдар орун алышы мүмкүн",- дейт Айтматова.
Комитет төрагасы бул маселе боюнча ички иштер министрине кайрыларын билдирди.