Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда парламент депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралып жатат.
Талкууда парламенттик шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө уруксат берүү же бербөө нормасы талаш жаратууда.
Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, партиянын тизмесинин алдынкы орундарын ээлебеген, бирок мыкты талапкер үчүн өзүнүн күчүн көрсөтүүгө шарт түзүп берүү керек. "Тизмени өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл. Бул демилге жаш саясатчыларга жакшы түрткү болот",- дейт Төрөбаев.
Депутат Чыныбай Турсунбеков буга каршы. "Парламентке келиш үчүн саясатчы көп жылдардан бери иштеши керек. Өзгөртүлбөс тизме партиянын биримдигине кепилдик берет. Эгер тизмени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берсек, гендердик тең салмактуулукту тебелишибиз мүмкүн",- дейт Турсунбеков.