Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовду Өзбекстандын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 31-мартта президент Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовду Өзбекстандын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. “Жакшы коңшулаштык, достук жана өнөктөштүк принциптерине негизделген Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өлкөлөрүбүздүн жана боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берерине ишенем”,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда. 
Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан