Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-мартта социалдык жана пенсиялык системди камсыздоону жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында премьер-министр пенсиянын базалык бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланарын, Социалдык фонд пенсиялык төлөмдүн камсыздоо жана топтолмо бөлүгүн каржылай турганын белгиледи.
Оторбаевдин пикиринде, бүгүнкү күндө камсыздоо төлөмүн чогултууну башкарууну жакшыртуу маселеси курч турат. "Камсыздоо төлөмүн башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорунун парламент тарабынан жайкы каникулга чейин кабыл алынышына болгон аракетти жумшоо керек. Камсыздоо төлөмдөрдүн чогултулушун башкаруу жаатында бизде резерв, башкача айтканда, камсыздоо төлөмүн төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү жана эмгек акыны көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарттарды түзүү мүмкүндүгү бар",- деди премьер-министр.
Жоомарт Оторбаев: "Өлкөдөгү реалдуу эмгек акыны көмүскөдөн чыгарып, Социалдык фонд тарабынан алынчу камсыздоо төлөм көлөмүн жогорулатуу зарыл",- деп кошумчалады.