Жогорку Кеңештин комитетинде тышкы миграция маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат жана Эл аралык иштер боюнча комитеттери бүгүн, 31-мартта биргелешкен жыйын өткөрүп, анда тышкы миграция маселеси каралды.

"Чет элдик жарандарга каралган квота 12 миңди түзүш керек дегени менен, азыркы тапта алардын саны
468 637ге жетиптир. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги квоталарды чет өлкөлүк жарандарга 1-2 миң доллардан сатып жатат деген маалыматтар бар. Ал эми визанын мөөнөтүн узартуу үчүн консулдук кызматтар 1000 доллардан алып жатат деген сөздөр айтылууда. Жашап турууга укук алуучулардан мамлекеттик каттоо кызматы 5 миң долларга чейин алып жатыптыр. Бул айтылгандардын канчасы чын да, канчасы жалган экенин чогуу отуруп тактайлы",
- дейт депутат Максат Сабиров.

Депутат Турсунбай Бакир уулу: "Орусияда так сүйлөп, орус тилинде түш жоруй турган кыргыз мигранттары башка улуттардан дээрлик айырмаланып тургандыгын эч ким тана албайт. Ошондуктан аларды орус тили жана тарыхынан сынак тапшыруудан бошотуу керек",- деп билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы жана чет жакта жашаган мекендештер жөнүндөгү мамлекеттик саясаттын аткарылышы тууралуу маалымат эске алынып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан