Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 31-марттагы жыйынында өлкөгө инвестор тартуу шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, жактырылды.
Демилгечилердин айтымында, тийиштүү мыйзам 3 жыл мурун кабыл алынганына карабай ушул кезге чейин иштебей жатат.
"Иштеп жаткан мыйзамдын талаптарына ылайык, эгер инвестор мамлекетке бир долбоор боюнча чогуу иштешүү сунушу менен кайрылса, ал долбоорго тендер жарыяланышы керек. Демилге көтөргөн жеке компания тендерде жеңип чыгышы күмөн, ошондуктан инвесторлор кайрылбай жатышат. Биз мындай шартты алып салдык",- дейт депутат Замир Бекбоев.
Эгер мамлекет өз демилгеси менен инвестициялык долбоого тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керектиги айтылды. Эгер тендердин жеңүүчүсүнүн нааразычылыгы болсо, ал иш сот аркылуу чечилет.