Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу комитетинде жаңыдан иштелип чыккан КРнын Бюджеттик кодексинин долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Демилгечилер бюджеттик каржы мамилелерин жөнгө салган мыйзамдар буга чейин чачкын болуп келгендиктен, бюджет мамилелерине байланыштуу мыйзамдар кайрадан ыраатташтырылып, бирдиктүү бир Бюджет кодексине топтоштуруу зарылдыгы келип чыкканын айтышты. Ал аркылуу өлкөнүн жалпы каржы тартиби жөнгө салынып, бүтүндөй бюджет тутуму уюштурулат.
“Бюджет кодексинин долбооруна 1-окуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан жана өткөрүлгөн парламенттик угуу, коомдук талкууларда жалпысынан 350дөй сунуш түшкөн. Алардын 90 пайызы эске алынып, бир катар оңдоп-түзөөлөр киргизилген”,- дейт каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев.