Жолугушуунун жүрүшүндө кезинде бул жерге турак жай куруу үчүн айыл өкмөтү, райондук жана облустук администрациялар тарабынан уруксат берилгени, бирок өкмөт «айдоо жери башка категорияга которулган эмес, мыйзамга туура келбейт» дегендей шылтоолор менен документтештирүү ишин токтотуп койгону белгилүү болду. Ошондон улам жергиликтүү тургундар алардын аракети мыйзам алкагына киргизилип, социалдык көйгөйлөрдүн тезинен чечилишин күтүшүүдө.
Депутат Талантбек Узакбаев депутаттар тобу дал ушул маселеге байланыштуу атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал биринчи окууда кабыл алынганын белгиледи. «Бүткүл өлкө аймагы боюнча 38 194 документтештирилбеген үй бар экен. Мыйзам кабыл алынып калса, 2009-жылдын 31-июлуна чейин курулуп, бирок кандайдыр себептерден улам мыйзамдаштырылбай калган жер тилкелерине документ бериле баштайт. Силердин турак жайларыңар да ошол шартка туура келет экен»,- деди ал.