Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Германияга барды
Бүгүн, 31-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Германиянын борбору Берлин шаарына барды. Эске салсак, 22-марттан бери президенттин Европа өлкөлөрүндө расмий иш сапарлары өтүп жатат жана ал 1-апрель күнү Германияда аягына чыгат. Эртең, 1-апрель күнү Алмазбек Атамбаев Германиянын федералдык президенти Йоахим Гаук жана федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрөт.