2014-жылы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында 3 депутат, 4 министр жана 100дөн ашуун чиновникке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы боюнча дагы 4 кылмыш иши тергелип жатат. "Жалпысынан былтыр коррупция фактысы боюнча 1250гө жакын кылмыш иши козголгон. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке 886,3 миллион сом көлөмүндө зыян келтирилген. Прокуратуранын иш-аракети менен 727 миллион сом кайтарылган",- деди башкы прокурор.