Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 31-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынып, Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңеши, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши таркатылат. Аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2015-жылдын 17-майына дайындалды.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө;
- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш",- деп айтылат маалыматта. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.