Өкмөт кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна байланыштуу 29 ратификациялык мыйзам долбоорун жакында парламентке киргизет. Муну парламенттин 1-апрелдеги жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселеде "жакында" деген түшүнүк болбошу керектигин белгилеп: "29 мыйзам долбоору ушул аптада парламентке киргизилиши керек. Ошондо гана жетишишибиз мүмкүн, муну эске алгыла",- деп билдирди. Жыйында башка депутаттар да Бажы союзуна кошулуу боюнча мыйзам долбоорлорун тезирээк ратификациялоо зарыл экенин билдиришти.