Депутаттар 100 миң доллар пара алууга шектүү прокурор боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокуратуранын кызматкери Кылычбек Арпачиевдин 100 миң доллар пара алуу учурунда кармалышы боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунушташты. Депутат Эсенгул Исаков буларды айтты: "Бул ишти укканда баарыбыз "шок" болдук. Коррупция менен күрөшүү президенттин да, Жогорку Кеңештин да негизги багыттарынын бири. Андыктан аталган факт боюнча парламенттин өзүнүн пикири болушу керек. Мунун артында көп нерсе бар, парламенттик комиссия түзөлү. Комиссиянын курамына каалаган депутаттардын баары кирсин, ар бир фракциядан 2-3төн депутат кирсин деген чектөөнү алып салалы". 
Сунуш депутаттардын добуш берүүсүнөн кийин чечилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан