Жоомарт Оторбаев "Мекен шейиттери" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 31-мартта "Мекен шейиттери" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Оторбаев жолугушууда: "Кийинки аптада 7-Апрель окуясынын 5 жылдыгына арналган иш-чаралар уюштурулат. Муну биз улуттук деңгээлде өткөрөбүз. 2005 жана 2010-жылкы революциялар өлкө тарыхындагы маанилүү окуялар. Андыктан болуп өткөн окуяларды анализдеп, алардан сабак алуу керек",- деп билдирди.
Өкмөт жетекчиси 2012-жылы "2010-жылдын Апрель, Июнь окуяларында каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынганын, ага ылайык, тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү аталган окуялардан жапа чеккен жарандарды дары-дармек менен камсыздоо, аларга берилчү жөлөк пулдун суммасын көтөрүү, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн балдарына жогорку окуу жайлардан квота берүү маселелери боюнча ойлорун айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан