Табигый кырсыктардан жапа чеккен Талас облусунун тургундары премьер-министр
Жоомарт Оторбаевдин облуска келбегенине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде парламент жыйынында депутат
Дастан Жумабеков билдирди.
"Талас облусунда акыркы айларда эки табигый кырсык болгон. Тургундар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам көрсөтүп бергенине ыраазычылык билдиришти. Бирок алар менен жолугушууга келбей, ал-абалы менен таанышпаган премьер-министрге нааразы. Жоомарт Оторбаев өзү келсе же орун басарларын жөнөтсө болмок. Тургундар "премьер-министрдин лыжа тебүүгө убактысы бар, бирок Талас эли менен жолугушууга убактысы жок" дешүүдө",- деди депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе премьер-министрге жеткирилерин белгиледи.