Алмазбек Атамбаев Европа менен Орусиянын ортосундагы тирешүү жакшылыкка алып келбей турганын билдирди

Президент Алмазбек Атамбаевдин Бельгиядагы расмий иш сапарында "Евроньюс" телеканалына берген интервьюсу каналдын эфирине чыкты.
Мамлекет башчы өлкөнүн жана анын тышкы саясатынын приоритеттери, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапары, Европа өлкөлөрү менен мамилелерди мындан ары активдештирүү, өлкөнүн евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.
Атамбаевдин айтымында, Европанын Орусияга каршы киргизген санкциялары жалпы Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. "Келечек Европа менен Орусиянын ортосундагы конфликтти күчөтүүдө эмес. Келечек аны чечүүдө. Тараптар бири-бирин айыптоону токтотуп, ушул кырдаалдан чыгышы керек",- деди президент.
Өлкө башчы Европа менен Орусиянын ортосундагы тирешүүлөр жакшы нерсеге алып келбей турганын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаевдин европалык телеканалга берген маеги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан