Дамира Ниязалиева: "Жарандардын көңүлүн балдардын укугун коргоо темасына бурууга аракеттенип жатабыз"

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 31-мартта борбор шаарда “Мен зомбулукка каршымын!” аттуу көргөзмөнүн ачылышына катышты. Балдардын укугун коргоо маселеси абдан курч турганын белгилеп: “Тилекке каршы, акыркы жылдары бир нече чуулгандуу окуялардын күбөсү болдук. Балдар чоңдор тарабынан зомбулукка кабылганын, эң кейиштүүсү, ал кылмыштар балдардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жасалганын көрдүк. Бул акциянын башкы максаты – балдарга карата зомбулуктун алдын алуу",- деп билдирди.

Маалыматка таянсак, акциянын алкагында балдарга карата зомбулукка каршы жана алардын укугун коргоодогу күрөшкө чакырган плакаттар жана постерлер иштелип чыгат. Бул материалдар шаардын 20 аялдамасына илинет, 300 постер коомдук транспортто жайгаштырылып, ал эми 2500 плакат өлкөнүн мектептерине таркатылат.

"Колдо болгон мүмкүндүктөр аркылуу жарандардын көңүлүн балдардын укугун коргоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо темасына бурууга аракет жасап жатабыз. Калктын бул көйгөйгө карата активдүү жана сергек мамилесин калыптандырууга умтулуудабыз",- деп кошумчалады Ниязалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан