Дастан Бекешев акчанын күчү менен бийликке келген чиновниктерди жана депутаттарды сынга алды

Бүгүн, 1-апрелде парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев акчанын күчү менен бийликке келген чиновниктерди жана депутаттарды сынга алды.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күнү "акча бардык маселелерди чече алат" деген түшүнүк коомчулукка сиңип калды. Доллар менен парламентке, өкмөткө келип жатышат. Кымбат баалуу унааларды айдап жүргөн чиновник же депутат кантип жаштарды патриоттуулукка үйрөтө алат? Мисалы, АКШда ар бир жаран өз мекенин сүйөт. Ал жерде патриоттуулук жөнүндө мыйзам деле жок. Бул өлкөдө саясий элита мекенди сүйүү сезимдери менен өскөн. Ошондуктан жаштарды патриоттуулукка үйрөтүүнү билим берүү тармагынан башташыбыз керек",- деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан