Жогорку Кеңеш президенттик жана парламенттик шайлоо тартибин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш президенттик жана парламенттик шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Долбоорго 102 депутат "макул", 7 депутат "каршы" добуштарын беришти.
Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо процессине автоматташтырылган технологияларды киргизүү жагы каралууда. Мындай чаралар шайлоо тартибин бузуулар менен бурмалоолорго бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары долбоордо шайлоо тартибинде төмөнкү нормалар белгиленген:
- шайлоодо жалпы жарандык паспорт же ID-карта менен гана добуш берүү;
- биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана шайлоодо добуш бере алышат;
- шайлоо күнү саат 20:00гө чейин болот;
- бюллетендерди кол менен саноонун көрсөткүчү электрондук саноодон маанилүүрөөк;
- шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан