Бүгүн, 1-апрель күнү ушул тапта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Берлиндеги расмий иш сапарынын алкагында Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрүп жатат. Сүйлөшүү аягына чыкканда алар журналисттерге бирдиктүү маалымат жыйын беришет.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапары 22-мартта башталган жана ал бүгүн, 1-апрель күнү аягына чыгат.