Жогорку Кеңеш Э.Гареев атындагы ботаникалык сейил бакка 50 миллион сом бөлүүнү өкмөткө сунуш кылды. Мындай сунуш бүгүн, 1-апрелде парламенттик жыйында айтылды.
Акча каражат оңдоо иштерине жана сейил бактын айланасына тосмо орнотууга жумшалмакчы. Депутаттар ботаникалык сейил бактын илим үчүн өзгөчө баалуулугун баса белгилешти.