"Германиянын канцлери Ангела Меркель менен кыргыз мамлекетин жана Германияны тынчсыздандырган маселелер боюнча ачык талкуу жүргүздүк. Бирдиктүү пикирге келгенибизге кубанычтамын",- деди бүгүн, 1-апрелде Германиянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөргөн соң президент Алмазбек Атамбаев.
"Мен Германия жана Евробиримдик тарабынан көрсөтүлгөн колдоого ыраазымын. Жылуу мамиле үчүн рахмат айткым келет. Албетте, демократиялык мамлекетти куруп жаткан Кыргыз Республикасы үчүн бул жардам өтө маанилүү",- деди өлкө башчы.
Ангела Меркель өз кезегинде өлкөлөр ортосунда достук жана кызматташтык мамилелер бар экенин баса белгиледи. "Кыргыз тарап күн тартибине киргизген маселелер боюнча биз ачыкпыз. Мисалы, өнүгүүнүн демократиялык багыты. Бул жол оңой эмес. Бул багытта бейөкмөт уюмдардын салымы чоң",- деп билдирди канцлер.
Мындан тышкары А.Меркель А.Атамбаев менен Украина жана Молдовадагы кырдаал тууралуу пикир алмашкандыгын айтты.