Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселеси боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери” конференциянын резолюциясы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Депутат Каныбек Осмоналиев конференцияда кыргыз тилинде иш жүргүзүүгө жетишүү, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тейлей турган деңгээлге жеткирүү маселелери, терминдердин чаржайыттыгы, айрым терминдер менен кыргыз тилин байытуу тууралуу сөз болгонун билдирди.

Эл аралык кызматташтыктагы документтерди даярдоо процессинде сүйлөшүүлөрдү кыргыз тилинде жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Долбоордо Мамлекеттик тил комиссиясына котормочулар үчүн жобо иштеп чыгуу тапшырмасы боюнча да сунуштар айтылды. 

Жыйынтыгында аталган конференциянын резолюциясы жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан