Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун жана Токмок шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен мамлекеттик тил адистери иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча 3 күндүк окуудан өтүштү. Бул тууралуу 2-апрелде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. Окутуу аталган комиссиянын алдындагы тийиштүү борбор тарабынан
иштелип чыккан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап
окуу куралдары жана электрондук окуу каражаттарын колдонуу менен өткөнү айтылды.
"3 күндүк окуунун жыйынтыгында бир топ маанилүү маалыматтарга
ээ болгон катышуучулар уюштуруучуларга, окутуучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Мындай семинар-тренингдерди көбөйтүү сунушун айтышты. Алган билимдерин баалоо үчүн тест жүргүзүлүп, 75 катышуучуга сертификат тапшырылды",- деп билдирет мекеме.