Бүгүн, 2-апрелде парламент жыйынында депутат Азамат Арапбаев экономикалык каатчылыкка каршы планды өкмөт менен талкуулоону сунуштады. "Бул маселе Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилиши керек",- деди депутат.
Бул сунуш боюнча төрага Асылбек Жээнбеков жооп берди. "Эгер өкмөт каатчылыкка каршы программасын эртең даярдап келсе, анда биз карай беребиз. Бул маселе өткөн жылдын декабрында бюджетти кабыл алууда көтөрүлгөн. Өкмөт өлкөнүн Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүн эске алуу менен аталган программаны май айында алып келет",- деди Жээнбеков.