Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Ош шаарындагы аэропортто тартипти күчөтүүнү сунуштады.
Депутат авиакырсыктардын алдын алуу зарыл экенин айтат. "Жакында бул аэропортко конгон учак тилкеден чыгып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балдары келгенде, аларды аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге бир нече убакытка чейин өткөрбөй коюшуптур",- деди депутат.
"Өнүккөн мамлекеттерде учактар эң коопсуз транспорт болуп саналат. Бирок абадагы кырсыктар көп болууда. Бизде андай кырсыктар болбошу керек",- деп кошумчалады Нышанов.