Турсунбай Бакир уулу "Жогорку Кеңеште "балык" же "акула" депутат айымдар жок" дейт
"Жогорку Кеңеште "балык" же "акула" депутат айымдар жок" - деп билдирди бүгүн, 2-апрелде парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Депутаттын айтымында, мындай нааразычылыкты билдирүүгө жакында аялдардын форумунда айтылган "Жогорку Кеңеште таптакыр сүйлөбөгөн "балык" депутат айымдар бар" деген сөз себеп болду. "Парламенттеги бардык эле депутат айымдар жакшы иштеп жатышат, мыйзамдарды демилгелөөдө... "Акула" депутаттар тууралуу да эч нерсе айта албайм, ооба, парламентте бир-эки активдүү депутат айым бар. Бирок аларды акулага салыштыра албайм. Алар тууралуу жалган сөздөрдү айтуу туура эмес. Мурункуларга салыштырмалуу азыркы парламентте айымдар көп, бул жакшы жетишкендик",- деди Бакир уулу.