Данияр Тербишалиев майрамдар боюнча: "23-Февралды 7-Апрель менен алмаштыруу керек"

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 7-апрелди календарда кызыл менен (иш күнү кылбоо) белгилөө сунушталды.
Депутат Данияр Тербишалиевдин айтымында, жаңы шайланган президент жана парламент 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын маанисин кийин унутуп калышы мүмкүн. "7-Апрель окуясынын катышуучуларына батир жана акча берип кутулуу туура эмес. Алар акча үчүн эмес, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн чыгышкан. Аталган окуяга өзүнчө статус беришибиз керек",- деди Тербишалиев.
Депутаттын билдиришинче, "Апрель баатырлары" уюму 7-апрелди календарда кызыл менен белгилөө демилгеси боюнча 10 миң кол топтошкон. "Эгер болбосо, 23-Февраль майрамын 7-Апрель менен алмаштыруу керек",- деп кошумчалады депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан