Депутаттар "Фонограмма менен ырдап наам алган Жанета Бобкова Хабибилла Азиреткуловдон кыйынбы?" деп нааразы болушту

Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында депутаттар айрым маданият өкүлдөрүнө мамлекет көңүл бурбай жатканын билдиришти. Вице-спикер Бөдөш Мамырова ырчы, обончу Хабибилла Азиреткуловду мисал келтирди. 
"Жакында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып өткөн иш-чарада баарыбыз "Эстелик жанына келип, энелер, ыйлабагыла..." деген ырды уктук. Ардагерлер ушул ырды укканда ыйлашты. Ушул ырдын автору Хабибилла Азиреткуловдун эч кандай наамы жок экен, эмне, мамлекеттен бир наам берип коюш кыйынбы? Фонограмма менен ырдап Бобкова (ред. Жанета Бобкова) деген ырчы "Эмгек сиңирген артист" наамын алыптыр. Бобкованын Хабибилла Азиреткуловдон эмнеси артык?! Мейли, алганына каршы эмесмин, бирок мыкты таланттар бааланышы керек да",- деп билдирди Мамырова. 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков наам берүүгө парламент кийлигише албай турганын, муну президенттин алдындагы атайын комиссия чечерин айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан