Кыргыз мамлекетинде чек ара аймактарындагы жерлерди трансформациялоо маселеси курч бойдон калууда. Араван районундагы Тепе-Коргон айылынын 20 гектардай жер аянтын трасформациялоо үчүн тиешелүү документтер 2014-жылы өкмөткө берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Муну парламенттин 2-апрелдеги жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.
Тепе-Коргон айыл өкмөтү Өзбекстан менен үч тараптан чектешери айтылды. "Чек аралаш аймактарда эл азайып бара жатат деп жатабыз. Албетте, калбайт. Жарандарыбыз мыйзамдуу түрдө турак жай салуу үчүн жер тилкеси менен камсыздалбаса, башка жактардан жер издеп, жер которуп кетүүгө аргасыз болот. Мамлекет тараптан дээрлик колдоо болбосо, жарандардын укуктарын коргобосок, чек арабызда жашаган эч ким жок калып, кошуналар акырындап кире беришет",- дейт депутат.
Аталган аймакка үй куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандардын маселесин тезинен чечүү өтүнүчү өкмөткө айтылды.