Нарын облусунда мал жутка кабылуу коркунучунда калганы айтылды

Нарын облусунда мал жутка кабылуу коркунучунда. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эсенгул Исаков билдирип, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги мындай кырдаал боюнча ыкчам чечим кабыл албай жатканын сынга алды. Депутат Ат-Башы районунда бир боо чөп 400 сомго чыкканын, ага акчасы жетпегендердин малы жутка кабылышы мүмкүн экенин айтты. “Бул өзгөчө кырдаал. Буга чейин дагы жем-чөптүн жоктугунан элдин малы жутка кабылып, тургундар чыгымга учураган. Алдын ала кам көрүү керек”,- дейт депутат. 

Исаков малды эмдөө иштери жүрбөй жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан