Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Талас облусуна кетти

Бүгүн, 2-апрелде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусуна эки күндүк иш сапары менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Сарпашев облустагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү, Жан, Сарымсак, Бакты-Ногой жана Кадыралы каналдарынын тазалоо иштеринин аткарылышы, сүттү кайра иштетүү ишканасынын, айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү, Кара-Буура районунун Арчагул айылында Дүйшөн атындагы орто мектептин курулушу менен таанышат.

Мындан тышкары дыйкан-фермерлер менен жолугушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан