Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 1-апрелде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын өкмөттөрү аралык Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык союзга кирүү процесси алкагында техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу келишимди ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жыйында кыргыз мамлекетинин ЕАЭСке кошулуусу боюнча жол картасында каралган иш-чаралардын Орусия тараптан каржыланышы талкууланды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын маалыматтык системин түзүү, жабдуу жана ишке киргизүү жана аны ЕАЭСтин укугуна ыңгайлаштыруу маселеси каралды.