Быйыл кыргыз жерине расмий иш сапарлары менен Европанын бир нече өлкөлөрүнүн салмактуу чиновниктери жана депутаттарынын келиши күтүлөт. Алар:
- Австриянын Жогорку Палатасынын төрайымы С.Цвацл;
- Германиянын Бундестагынын вице-президенти Й.Зинхаммер;
- Франциянын билим берүү министри Н.Валло-Белькасем;
- Швейцариянын тышкы иштер министри Д.Буркхальтер;
- Европарламентинин башчысы М.Шульц;
- Европарламентинин Тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы И.Григуле баштаган депутаттардын тобу.
Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.