Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов 1-апрелде Кувейттик араб экономикалык өнүгүү фондунун Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча аймактык директору Юсуф аль-Бадр менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, жолугушууда Бишкекте 2014-жылдын ноябрында Араб координациялык тобунун катышуусунда өткөн 2-тегерек столдун жыйынтыктары талкууланды. Юсуф аль-Бадр фонд менен кыргыз өлкөсүнүн тийиштүү мекемелери менен кызматташуусу жогорку деңгээлге чыкканын белгиледи. Фонд азыркы учурда аталган тегерек столдун жүрүшүндө сунушталган долбоорлорду каржылоого акча бөлүп жатканы айтылды.