Метеорологдордун 2002-жылдан бери көтөрүлбөгөн айлыгы 2,5 эсе жогорулаганы жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин "мамлекеттик кызматкерлер" категориясына кирбеген кызматкерлеринин маяналары 2,5 эсе жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин кызматкерлеринин эмгек акылары 2002-жылдан бери көтөрүлбөй келген. "Учурда инженер-техник адистеринин маяналары 3100 сомдон 4500 сомго чейин. Бул көрсөткүч башка мекемелердин техникалык кызматкерлеринин айлыгына салыштырмалуу аз. Ошондуктан алардын маяналарын 2,5 эсе жогорулатуу боюнча чечим чыгарылды. Бул максатты ишке ашырууга республикалык бюджеттен 40,2 миллион сом кошумча каражат бөлүнмөкчү",- деп билдирет өкмөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан