Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 2-апрелде Польшанын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Яцек Ключковски менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Польшанын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, А.Сасыкбаева акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердеги жетишилген прогрессти жогору баалап, буга өткөрүлгөн бир катар иш-чаралар жана иш сапарлар мисал болорун айтты. Ошондой эле төраганын орун басары шайлоо системин жакшыртуу боюнча сөз козгоду. “Бул жолку шайлоо өлкө үчүн чечүүчү ролду ойнойт. Ошол себептүү биз шайлоонун ачык жана таза өтүүсүнө болгон аракетти жумшайбыз”,- деди А.Сасыкбаева. Я.Ключковски өз кезегинде кыргыз өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.
Тараптар жакында бөлүнө турган польшалык насыяны айыл чарба тармагында эффективдүү колдонуунун зарылдыгын да сөз кылышты.