Дамира Ниязалиева менен министр Кудайберген Базарбаев кан тапшыруу акциясына катышты

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2-апрелде Республикалык кан борборунда өткөн кан тапшыруу акциясына катышты. Ациянын маанилүүлүгүн белгилеген вице-премьер: “Мага 2010-жылкы Апрель революциясынын катышуучулары кан тапшыруу акциясына катышуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Кан тапшыруунун жана кан банкын үзгүлтүксүз толуктоо жана жаңыртуунун маанилүүлүгүн, кандын жана анын компоненттеринин жетишсиздигин эске алуу менен бул акцияны колдойм. Мен канды кайсы бир адамдын өмүрүн сактап калат деген ишеничте тапшырдым",- деп билдирди. 

Кан тапшыруу акциясына социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев да катышканын өкмөттөн билдиришти. 

Маалыматка таянсак, акыркы жылдары Кыргыз Республикасында кан тапшыруунун көлөмү 6 эсеге кыскарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан