Бишкекте өткөн “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери” конференциясынын резолюциясы (тизме)

Бишкекте быйыл мартта “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция өткөн. Максаты - мыйзам чыгаруу жана башка документтерди иштеп чыгууда кыргыз тилин колдонууну жайылтуу. Жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынган: 

1. Конференциянын иши талапка ылайык уюштурулгандыгы, мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү боюнча талаш-тартыш, ар кандай ойлор ачык айтылып, орчундуу жана конструктивдүү маселелер коюлуп, конференцияга сунуштар киргизилип, жемиштүү өткөндүгү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын иштеп чыгуу процессинде кыргыз тили бара-бара такталып, мыйзамдардын жана расмий иш кагаздардын тили катары калыптанып бара жатканы эске алынсын.

3. Мамлекеттик тилди коомдук турмушта колдонуу чөйрөсүнүн кеңейишине мамлекет тарабынан камкордук көрүү зарыл экендиги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик-укуктук актыларын, расмий иш кагаз документтерин мамлекеттик тилде иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулсун.

5. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда, даярдоодо лингвист-эксперттердин катышуусу зарыл деп эсептелсин.

6. Эл аралык кызматташуудагы документтерди даярдоодо жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна "Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги" (соңку редакциясы Бишкек, 2009) айрым карама-каршылыктарды, так эместиктерди кайра карап чыгуу жана макулдашылган чечимдерди белгиленген тартипте бекитүү сунушталсын.

8. "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүндө" (К.К.Карасаев, Бишкек, 2009) сөздөрдүн жазылышындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында аны кайра иштеп чыгуу жана басып чыгаруу сунушталсын.

9. “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүн” толуктоо, тактоо менен кайра басып чыгаруу сунушталсын.

10. Котормочулар үчүн атайын жобо иштеп чыгуу, алардын ассоциациясын түзүү менен котормочулардын статусун бекитүү сунушталсын.

11. Терминкомдун ишин жандандыруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, терминдерди расмий түрдө бекитүү, тармактык терминологиялык сөздүктөрдү кайра кароо, тактоо, басып чыгаруу маселелери каралсын.

12. Терминком тарабынан бүгүнкү күнгө чейин басылып чыккан бардык окуу куралдар, колдонмолор, сөздүктөр бир тартипке салынып, мындан ары басылып чыга турган басылмаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминкомдун уруксаты менен гана басып чыгаруу сунушталсын.

13. Жыйындарда, эл алдында сүйлөгөндө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берилген жана басма сөздө жарыяланган материалдарда кыргыз тилинин эрежелеринин катуу сакталышын көзөмөлгө алуу каралсын.

14. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, айыл аймактарында, менчиктин түрүнө карабастан, насыя берүүчү мекемелерде, мамлекеттик каттоо бөлүмдөрүндө, жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмдөрүндө, юридикалык жана нотариалдык мекемелерде жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда ишти мамлекеттик тилде жүргүзүүнү күчөтүү жана бланктарда, арыздардын үлгүлөрүндө, макулдашууларда, келишимдерде кыргыз тилинин орфографиясынын ченемдерине ылайык жазуу боюнча иш алып баруу сунушталсын.

15. Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча жай мезгилинде Ысык-Көл аймагындагы эс алуу жайларында окутуу иш-чараларын жүргүзүү, керектүү окуу китептери, куралдары менен камсыз кылуу каралсын.

16. Көрнөк-жарнактарда кетирилген одоно каталар үчүн жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу маселеси каралсын.

17. Бардык тейлөө борборлорундагы компьютердик кызмат көрсөтүүлөрдө компьютерлерге милдеттүү түрдө кыргызча тамгаларды киргизүү сунушталсын.

18. Мамлекеттик тил боюнча чечүүнү талап кылуучу орчундуу маселелерге арналган илимий-практикалык конференцияларды жыл сайын өткөрүп туруу жана мындай иш-чараларды аймактарда, облустарда өткөрүү сунушталсын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан