Өмүрбек Текебаев: "Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу өлкө экономикасына чоң салым кошот"

Кыргыз мамлекетиндеги Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу өлкөнүн жалпы экономикасына чоң салым кошот. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, президент жана өкмөт өлкөнү коммуникациялык туңгуюктан чыгарууга аракет кылып жатат. "Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу Нарын облусунун өнүгүүсүнө түрткү берет, Ысык-Көлгө келчү туристтердин көбөйүшүн камсыз кылат. Негизи эле жалпы өлкөнүн экономикасына салым кошот",- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан