Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолуна курулчу тоннелдин 1 чакырымына 60-62 миллион доллар жумшалат

Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолуна курулчу тоннелдин 1 чакырымына 60-62 миллион доллар жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди.

"Тоннелди тешүү министрликтин практикасында буга чейин болгон эмес. Ошентсе да аталган жолдун курулушунун биринчи фазасын 2017-жылдын аягында бүтүрүүнү пландап жатабыз",- деди министр.

Айта кетсек, Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолуна заманбап үлгүдөгү 2 тоннель курулмакчы. Биринчи тоннелдин узундугу 3700 метр, экинчиси 700 метр болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан