Бишкекте бүгүн, 3-апрелде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловдун жолугушуусу өттү. Министрлер эки тараптуу кызматташтыктын абалын, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашты. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, бардык багыттар боюнча байланышты бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Айта кетсек, Бишкекте бүгүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.