Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасынын курулушуна Кытай 299 миллион доллар бөлгөнү жатат

Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасынын курулушуна Кытайдын Экспорт-импорттук банкы 299 миллион доллар бөлгөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, жолду кытайлык "China road and bridge corporation" компаниясы курмакчы. "Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасын куруу 56 айдын ичинде бүтөт. Бул фазанын жалпы узундугу 96 чакырым",- деди министр.
Мындан тышкары аталган кошумча жолдун 3-фазасы тууралуу маалымат берди. "Үчүнчү фазаны баштоо 2016-жылга пландалууда. Анын узундугу 162 чакырым. Бул фазаны курууга 151 миллион доллар керек. Учурда каржылоо боюнча 3 банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- деп кошумчалады Султанов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан