Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова, Каныбек Осмоналиев жана башкалар 2-апрелде Австриянын Илимий-техникалык саясат жана социалдык инновацияларды өнүктүрүү борборунун эксперти Манфред Спайсбергер жетектеген Европа делегациясы менен жолугушту.
Европалык делегациянын башчысы Спайсбергер буга чейин бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери, ЖОЖ ректорлору, институт директорлору менен жолугушкандыгын айтып, кыргыз мамлекетиндеги билим берүү, илим чөйрөсүнө системдүү анализ жүргүзүү керектигин белгиледи. Билим берүү, илим тармагын өнүктүрүүгө эл аралык эксперттерди, чет жерде иштеп жүргөн кыргыз мамлекетинин окумуштууларын тартуу зарылдыгын айтты.
Жолугушууда кыргыз жериндеги жаштардын илимге аралашуусу, өлкөдө илим тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүчү орган түзүү маселелери талкууланганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.