Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында 16 маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, жыйындын күн тартибине кирген маселелердин баары каралды.
“КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу өткөрүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле 2016-2020-жылдары эл аралык чек араларды бекемдөө, гуманитардык, маалымат, аскердик, техникалык тармактарда карым-катнашты чыңдоо боюнча макулдашууларга кол коюлду. БУУнун 70 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү маселелери да макулдашылды”,- деди министр.