Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2002-жылдын Аксы окуясында жабыр тарткандардын кошумча социалдык колдоо деңгээлин жана социалдык кепилдиктерди 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткандардын деңгээлине теңештирүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу милдети тапшырылды.
Учурда Аксы окуясы боюнча социалдык төлөмдү 31 адам алат, социалдык жөлөк пулдун суммасы айына 2115 сомду түзөт. Ал эми кошумча социалдык жөлөк пул дайындалганда анын көлөмү айына 3700 сомго жетери айтылды. Төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
"Жарлыкка ылайык, Аксы окуясында жабыр тарткандар бул кошумча үстөк пулду (айына 1585 сомдон) 2015-жылдын 1-майынан тартып ала башташат. Мамлекет башчы бул маселе мыйзам жолу менен жөнгө салынганча каралган каражатты президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүп турууга милдеттендирди",- деп айтылат маалыматта.